Site icon Reporter.kg

Элнура Осмоналиева — Аялдар футбол ассоциациясынын вице-президенти

Элнура Осмоналиева Кыргызстандын Аялдардын футбол ассоциациясынын вице-президенти болду. Бул тууралуу аталган уюм билдирди.

2020-жылдан бери Салтанат Эгембердиева Аялдар футбол ассоциациясынын президенти болуп келген. Ал эми Айдана Оторбаева ассоциациянын биринчи вице-президенти.

Элнура Осмоналиева – кинорежиссер,  Кинематографисттер союзунун мүчөсү, “Билимкана” коомдук фондунун директору, Олимпиадалык жаа атуу федерациясынын президенти.

Аялдардын футбол ассоциациясы – өлкөдөгү аялдар командаларынын футбол боюнча мелдештерин көзөмөлдөгөн жана жетектеген спорттук уюм.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version