ЭлТРдин жетекчилиги «Азаттык» радиосунун иликтөөсүн эфирге чыгаруудан баш тартты

ЭлТРдин жетекчилиги «Азаттык» радиосунун иликтөөсүн эфирге чыгаруудан баш тартты

ЭлТР телеканалы «Азаттык» радиосунун «Көмүскө акча ташыгандар кербени» аттуу жаңы иликтөөсүн эфирге чыгаруудан 4-декабрда баш тартты.

Телеканалдын жетекчиси Айбек Мусаев мындай жүйө келтирди:

«Бүт баары расмий, бир тараптуу жасалган. Монолог. Алып баруучунун гана монологу. Азыр тергөө жүрүп жатат, ошондуктан биз муну бере албайбыз. Бул менин жеке пикирим. Бизде жамааттык форма бар. Ошол карап, бир тараптуу деп тапты. Силер жибергенден баштап карады», — деп жооп берген ал.

«Азаттык» 29 мүнөт 53 секундалык иликтөөнү телеканалга 4-декабрда 17:54дө жиберген. Эфирге 20:00дө берилмек.

Иликтөөдө жылдар бою нак акча ташыгандардын түйүнүн тымызын иштетип келген уйгур тектүү кытай жараны, ноябрда Стамбулда өлтүрүлгөн Айеркен Саймаити, 23-октябрда сөөгү «Манас» аэропортунун жанынан табылган таксист Хусан Керимов жана андан бир жума мурун сөөгү Нарын облусунда табылган «Мадина» базарынын соодагери Хуфур Абдурахеман тууралуу да сөз бар.

Иликтөөнү “Азаттык” радиосу, “Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору” жана “Kloop” порталы бирге жасаган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>