Элвира Сурабалдиева депутаттык мандатын мөөнөтүнөн мурда тапшырууда. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, маселе бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында каралат.
Белгилей кетсек, 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар 5-октябрда митингге чыгып, башаламандык, саясий кризис жана бийликтин алмашуусу менен аяктаган.
Кайра шайлоо 2021-жылдын 1-июнуна чейин өтмөй болуп, ага чейин VI чакырылыштын депутаттары иштеп турат.