Site icon Reporter.kg

Эльвира Сурабалдиева вице-премьер-министр болуп дайындалды

Эльвира Сурабалдиева вице-премьер-министр болуп дайындалды. Тиешелүү Жарлыкка президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынан маалымдашты.

Сурабалдиеванын талапкерлигин парламент бүгүн түшкө чейин колдоп берген.

Ал эми вице-премьер-министр кызматынан бошотулган Аида Исмаилованын талапкерлиги эмгек жана социалдык өнүгүү министри кызматына көрсөтүлүп, колдоо тапкан жок.

Exit mobile version