Site icon Reporter.kg

Эмдөө акысыз. Кыргызстанда коронавируска каршы вакцинация жүргүзүлүүдө

Кыргызстанда  COVID-19 оорусуна каршы Кытай өндүрүшүндөгү “Sinopharm” вакцинасы менен эмдөө жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган вакцина  коопсуздугу, эффективдүүлүгү жана сапаты боюнча Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан бекитилген.

Дүйнө жүзүндө Sinopharm вакцинасы менен эмдөө 65тен ашуун, Түркия, Бириккен Араб Эмираттары, Белоруссия жана башка өлкөлөрдө ийгиликтүү жүргүзүлүп жатат. Эмдөө республикадагы бардык үй-бүлөлүк медицина борборлорунда, жарандардын катталган жерине карабастан акысыз өткөрүлүүдө.

Өзүңүздү жана жакындарыңызды коронавирус инфекциясынан сактаңыз. COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүңүз жана оорунун алдын алуу чараларын сактаңыз. Беткап тагыныңыз, адамдардын ортосунда аралыкты сактаңыз жана колду самындап жууңуз же антисептик колдонуңуз.

Эмдөө пункттары тууралуу толук маалыматты сиздер: https://saksalamat.kg/adresa-privivochnyh-punktov-ot-covid-19/ шилтемеси аркылуу ала аласыздар.

Exit mobile version