Site icon Reporter.kg

Бала асырап алуунун тартиби кандай? Министрликтин түшүндүрмөсү

Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги бала асырап алуу үчүн арыз берүүнүн шарттары жана тартиби тууралуу айтып берди.

Ведомстводон билдиришкендей, бала асырап алуу ата-энесинин камкордугунан ажыраган жана жашоо шарты оор балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоонун маанилүү механизми болуп саналат.

Бала асырап алууга балдардын укуктарын коргоонун ылайыктуу ыкмасы катары гана жол берилет жана процедура кылдат жана ар тараптуу мамилени талап кылат.

Бала асырап алууну каалагандыгы жөнүндө арыз асырап алуучу тарабынан жашаган жериндеги камкордук органына берилет. Бул үчүн төмөнкү документтердин тизмесин берүү зарыл:

  1. Арыз ээсинин паспортунун көчүрмөсү.
  2. Нике күбөлүгү.
  3. Иштеген жеринен маалымкат, кызмат ордун жана эмгек акысын көрсөтүү менен.
  4. Арыз ээсинин ден соолугунун абалы жөнүндө медициналык корутунду.
  5. Иштеген жеринен же жашаган жеринен мүнөздөмө.
  6. Турак жайга менчик укугу жөнүндө документ.
  7. Соттуулугу жок күбөлүк.

Бардык документтер чогултулгандан кийин камкордук бөлүмүнүн кызматкери арыз ээсинин турмуш-тиричилик шарттарын текшерүү актысын жүргүзөт жана асырап алуучу болуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө корутунду түзөт. Бала асырап алуу боюнча акыркы чечимди райондук сот кабыл алат, ал иштин бардык аспектилерин карайт.

Төмөнкү негизги пункттарга өзгөчө көңүл буруу керек:

— Асырап алуучунун жашы 60 жаштан ашпашы керек.

— Баланы асырап алуу процесси купуя жана мыйзам тарабынан жеке сыр катары корголот.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version