Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ЮНИСЕФ 2025-жылга карата балдардын укугун коргоо боюнча Биргелешкен жумушчу планын расмий түрдө кол коюшту. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
«Бүгүнкү иш – чара биздин өлкөдөгү балдардын, үй-бүлөлөрдүн жана аялуу топтордун жыргалчылыгы үчүн иштегендер үчүн маанилүү жана символикалуу. Бул план жөн гана ак кагаз эмес. Бул биздин жалпы жоопкерчилигибиздин, туруктуу өнүгүүгө умтулуубуздун натыйжасы жана бир дагы баланы, бир дагы үй-бүлөнү кароосуз калтырбоо үчүн күчтүү саясий эрктин көрүнүшү. Бул өзгөчө турмуштук оор кырдаалда алсыз болуп калгандарга кам көрүүгө тиешелүү”,- деп билдирген эмгек министри Равшанбек Сабиров документке кол коюу учурунда.
Анын айтымында, бул план балдардын укугун коргоо жана социалдык колдоо жаатындагы улуттук приоритеттер менен Кыргызстандын эл аралык милдеттенмелерин эске алуу менен иштелип чыккан.
ЮНИСЕФтин өкүлү Самман Тапа Кыргызстандын өкмөтүнүн балдардын укуктарын коргоо маселелерине берилгендигин жогору баалаган.
“Биз балдарды социалдык коргоо маселесинде социалдык кызматкерлердин ролун белгилеген иш-чараны колдоого даярбыз”,- деген ал.