Site icon Reporter.kg

«Эмгек» партиясы №4. Биз жеңгенбиз! Биз жеңебиз!

Урматтуу Бишкек шаарынын тургундары!

Бишкек шаардык кеңешинин шайлоо кампаниясыаягына чыгып баратат. Ал болгону 19 күнгө ганасозулду. Пандемияга байланышкан кыйын кырдаалданулам биздин партия массалык иш-чаралардыөткөрүүдөн баш тартты. Анткени, сиздердин денсоолугуңуздар биз үчүн баарынан жогору турат. Бирок,ошентсе да, өзүбүздүн программабызды жанамаксаттарыбызды таанытуу үчүн сиздер менен көчөдө, короолордо жана парктарда жолугуп жаттык.

Араңыздардан айрымдар: “Эмне үчүн жайдын ысыккүнүндө, өргүү, эс алуу учурунда шайлоо өткөрүпжатасыңар?”, деген суроону берип жатышты. Ал эмибиз шайлоонун кайрадан өткөрүлүп жатканын айттык. Кезектеги БШК шайлоосу апрель айында болуп өткөнэле. Ошол учурдагы шайлоо алдындагы кампаниябызөтө курч жана мазмундуу түрдө өткөн. Миңдегенбишкектиктердин ишенимине кирип, жыйынтыгындакөп добуш алуу менен биринчи орундубагындырганбыз. Чын ниетибиз менен жеңишке жетип, бирок шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган болчу.

Урматтуу шайлоочулар!

Сиздер бизге жаз айында көрсөткөн ишеним бизгекайрадан дагы жеңишке жетүүгө болгон үмүттүтартуулады. Ошондуктан, биз кайталап шайлоогокатышууга чечим чыгардык. Бул жолу да бизэкологиянын начарлашы, коомдук транспорттунжетишсиздиги баш болгон Бишкек шаарынабайланыштуу актуалдуу маселелерди камтыган, «Демилгелүү шаар» деген программабыз мененчыктык. Бул маселелер тууралуу сиздер мененталкуулашып, аларды чечүү жолдорунтүшүндүргөнбүз. Биздин ыкмабыз жана идеяларыбызэч кимди кайдыгер калтырган эмес эле. Ал эмиталапкерлерибиз болсо карапайым элдин арасынанчыккан чыныгы инсандар экендигин, берилүү менениш алып бара тургандыктарын далилдеп беришкенболчу

Биздин партияга, талапкерлерибизге жанапрограммабызга көңүлүңүздөрдү буруп бергениңиздерүчүн ыраазычылык билдиребиз! Бул кампаниянынжүрүшүндө сиздердин чын дилден чыкканынтызарлыгыңыздарды көрүү менен шайлоогокайрадан аттанганыбызга өкүнгөн жокпуз. Биз таза ишалып бардык. Ал эми башка жолдорду билбейбиз жанакаалайбыз!

Шайлоонун июль айында өтүп жатканы туура чечим. Анткени аны улам артка жылдыруунун кажети деле жок. Болушунча тезирээк коллектив түзүп, алар шааргабайланышкан маселелерди эртелеп чечүүгө киришишикерек. Ал эми маселелер болсо толуп жатат!

11-июлда өзүңүздөрдүн шайлоо участкаңызга келип,«Эмгек» партиясына добуш бериңиздер. Бюллетенде4 деген номер менен катталганбыз.

Сиздердинколдооңуздар менен жеңишке жеткенбиз. Бул жолу да жеңишке жетебиз деп ишенебиз!

«Эмгек» саясий партиясынын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү М.Омуралиева тарабынан каржыланды.
Exit mobile version