Site icon Reporter.kg

«Эмгек» партиясы шаардыктарды туура тандоо жасоого чакырат: Бишкек үчүн ар бир добуш маанилүү!

Бишкек шаардык кеңешине шайлоонун алдында «Эмгек» партиясы шайлоочуларга кайрылуу жолдоду.

Урматтуу шайлоочулар! Шайлоо өнөктүгүнүн өткөн күндөрү жолугушууларга, сүйлөшүүлөргө жана сиздер менен – Бишкектин жашоочулары менен жандуу баарлашууларга жык толду. Биздин партиянын ар бир мүчөсү үчүн – бул шайлоо кампаниясынын эң жагымдуу жана пайдалуу бөлүгү.

Бул биздин пландарыбыз тууралуу сиздерге айтып берүү үчүн, сиздерди түйшөлткөн бардык нерселер тууралуу тереңден билүү үчүн жасалган зор иш болду. Биз сиздердин үнүңүздөрдү угууга, сиздердин көйгөйлөр, үмүт-тилектер жана сунуштарыңыздар, ошондой эле Бишкектин жашоо-турмушун кантип жакшыртууга болору жөнүндө көбүрөөк билүүгө аракет кылдык.

Дал ушундай жолугушуулар биздин келечекке көз карашыбызды калыптандырат. Азыр сиздер буга чейинки шайлоодогу программанын логикалык уландысы болгон биздин «Демилгелүү шаар 2.0» программабызды билесиздер. Анын ар бир пункту – бул биздин команда өз алдына койгон жана милдеттүү түрдө аткара турган реалдуу тапшырмалар.

Бул курулай айтылган сөздөр эмес, анткени биз натыйжа үчүн иштей аларыбызды далилдегенбиз. Биздин партия Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер катары программабызды ишке ашырууга бардык күч-аракетин жана билимин жумшай турган эң мыкты мүчөлөрүн чыгарды.

Өткөн шайлоодо талапкерлерибиз эң көп сандагы добушка ээ болушкан, бул жолу да сиздердин колдоого ишенебиз. Биз сиздерге таянабыз жана мындан ары да талбай иштеген эмгекчилерди жана жаратмандарды тандоого үндөйбүз! Биз биргеликте Бишкекти мындан да ыңгайлуу, кооз жана жайлуу шаарга айлантабыз!

Урматтуу шайлоочулар! Ушул жекшемби күнү, 17-ноябрда, шайлоо участокторуна келип, №4 «Эмгек» партиясына добуш бериңиздер!

Бишкек үчүн ар бир добуш маанилүү!

Урматтоо менен, «Эмгек» партиясы

«Эмгек» саясий партиясынын шайлоо фондундагы каражаттарынын эсебинен каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Жокоева Ж.Ж. тарабынан төлөндү

Exit mobile version