Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров парламенттик шайлоого катышат. Бул тууралуу Reporter.kg’ге өздүк булактар билдиришти.
Ал «Биримдик» партиясынан талапкер болот.
Улукбек Кочкоров 1974-жылы 24-июнда Баткен облусунун Кара-Бак айылында туулган.
Кочкоров буга чейин да 2011-жылы Жогорку Кеңештин V чакырылышында депутат болуп шайланган.