Site icon Reporter.kg

Эми 083/у маалым катын Tunduk аркылуу онлайн алууга болот

Кыргызстанда айдоочулукка талапкерлер үчүн 083/у медициналык маалым катты онлайн түрдө алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Аталган кызмат Tunduk электрондук кызматтар порталында жана мобилдик тиркемесинде жеткиликтүү.

«Кыргызстандын жарандары транспорт каражатын башкарууга жарамдуулугу боюнча милдеттүү медициналык комиссиядан санарип форматта өтүп, маалым катты электрондук түрдө ала алышат. Муну менен кагаз маалым каттарды айдоочуларды каттоо органдарына тапшыруу зарылдыгы жоюлду»,- деп билдирди министрлик.

Министрлик бул ачык-айкындуулукту камсыз кыларын жана жасалмалуулуктан коргой тургандыгын билдирди. Себеби комиссиядан өтүү жыйынтыктары автоматтык түрдө тиешелүү маалыматтык системаларга жөнөтүлүп турат.

Exit mobile version