Site icon Reporter.kg

Эми Бишкектен Европага түз учса болот

Кореялык авиакомпания Бишкек аркылуу Хорватияга учуп баштайт.

Маалыматка караганда, T’way Инчхон (Корея) —  Загреб (Хорватия) маршруту боюнча жумасына 3 жолу каттайт. Ал «Манас» аба майданында май куюу үчүн токтойт.

Ал Инчхон аэропортунан саат 11:05дө учуп, Загребке саат 7:25те жетип, жолго 15 саат коротот.

Учак аптасына 2 жолу учуп турат.

Аталган авиакомпания Сеул-Бишкек рейсин дагы ишке ашырып келет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version