Site icon Reporter.kg

Эми чет өлкөлүктөр Ысык-Көлдөн мүлк сатып ала алат. Президент мыйзамга кол койду

Президент Садыр Жапаров «Ысык-Көл» экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Мыйзам быйыл 12-июнда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Бул мыйзам менен Ысык-Көлдөгү рекреация объекттерин чет өлкөлүк жарандарга жана компанияларга жеке менчикке сатууга уруксат берүү каралган. Ошол эле учурда рекреация объектинин алдындагы жер аларга сатылбайт, ижарага берилет.

Мыйзамдагы аныктама: Рекреация объекттери — менчигинин формасына жана ишкердик ишти жүзөгө ашыруунун укуктук формасына карабастан, эс алуу, ден соолукту чыңдоо, туризм үчүн пайдаланылуучу, рекреациялык, мейманканалык кызматтарды, ден соолукту чыңдоо, жашап туруу, эс алуу, туризм боюнча кызматтарды көрсөтүүчү, «Ысык-Көл» биосфералык аймагынын чегинде жайгашкан пансионаттар, курорттор, эс алуу үйлөрү, коттедждик шаарчалар, конок үйлөр жана башка объекттер.

Exit mobile version