Site icon Reporter.kg

Эми картошканын үрөнүн өлкөгө импорттоодо бажы төлөмү алынбайт

Ушул жылдын июнь айынын аягына чейин кыргызстандык ишкерлер картошканын үрөнүн бажы төлөмүн төлөбөстөн алып келе алышат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Мындан тышкары, Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы №131 токтомуна ылайык, картошканын үрөнү кошумча нарк салыгынан (КНС) бошотулат.

Ошондой эле, импорттоодо кошумча нарк салыгынан бошотулган айыл чарба продукцияларынын тизмегин жогоруда белгиленген токтомдон кароого болот.

Exit mobile version