Эми Кыргызстанда стоматологиялык кызматтар акысыз көрсөтүлө баштайт

Эми Кыргызстанда стоматологиялык кызматтар акысыз көрсөтүлө баштайт

Милдеттүү медициналык  камсыздандыруу фонду стоматология ооруканаларында бейтаптарды кабыл алууда жаңы форматты киргизет. Бул тууралуу “Акчабар” каржылык порталы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, жаңы система стоматологиялык кызматтар менен 10 жашка чейинки өспүрүм курактагы балдар, каттоого турган боюнда бар айымдар, 70 жаш жана андан жогорку жаштагы пенсия курактагы адамдар акысыз колдоно алышат. 

«Стоматология» маалыматтык системасы аркылуу бейтаптардын канча суммада дарылангандары тууралуу билсе болот жана бардык чыгашаларды милдеттүү тмедициналык камсыздандыруу фонду каржылап берет. 

Уюмдан маалымдагандай, 2018-жылы Саламаттыкты сактоо министрлиги жана ММК фонду өкүлдөрү, стоматолагиялык уюмдардын өкүлдөрү тарабынан, төлөө механизмдерин оптималдаштыруу жана өнүктүрүү боюнча Бишкек шаарында  жумушчу топ түзүлгөн.

Бирдиктүү төлөө системасында амбулатордук негизде көрсөтүлгөн кызматтардын чыгашасы үчүн убактылуу жобо беитилген. 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>