Site icon Reporter.kg

Эми Орусияда мигранттардын балдары мектепке орус тилинен тесттен өткөндөн кийин кабыл алынат

Мындан ары Орусияда мыйзамдуу жүргөн мигранттардын балдары мектепке орус тилинен тестирлөөдөн ийгиликтүү өткөндөн кийин гана кабыл алынат. Бул тууралуу ТИМ билдирди.

Орусиянын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөр 1-апрелден тарта күчүнө кирген. Ага ылайык, Орусиянын аймагында мыйзамдуу түрдө жүргөн чет өлкөлүк жарандар башталгыч, жалпы жана орто билим берүү мектептерине орус тилинен тестирлөөдөн ийгиликтүү өткөндөн кийин кабыл алынат.

Орусиянын Билим берүү министрлиги тестирлөө мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү мекемелеринде акысыз жүргүзүлөрүн билдирген.

Тест оозеки жана жазуу түрүнөн турат. Ал эми 1-класска кире турган балдар оозеки түрдө гана тесттен өтүшөт. Тестирлөө учурунда аудио жана видео жазуу жүргүзүлөт.

Бала тесттен ийгиликтүү өтсө, мектепке кабыл алынат. Ал эми тесттен өтпөй калса, ага кошумча орус тилин үйрөнүү сунушталат. Кайрадан тест тапшыруу мурдагы тестирлөөдөн 3 ай өткөндөн кийин гана мүмкүн болот.

Бала тестирлөөдөн өтүшү үчүн анын ата-энеси же мыйзамдуу өкүлү Орусиянын жалпы билим берүүчү мектептерине орус тилинде же белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн орус тилине котормосу менен бирге төмөнкү маалыматтарды бериши керек:

 

Exit mobile version