Site icon Reporter.kg

Эми «парковщиктер» кызыл жилет кийет

Бишкектеги муниципалдык унаа токтотуучу жайларда иштегендер кызыл жилет кийишти. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Муниципалдык унаа токтотуучу жайлар жол белгилери менен белгиленип, унаа токтотуп иштегендерге атайын кызыл жилет кийгизилди. Ошондой эле жанында атайын төш белгилери бар, алар төлөм үчүн дүмүрчөктөрдү бериши керек.

Расмий жана унификацияланган тариф унаа токтотуучу жайдын узактыгына карабастан 25 сомду түзөт.

Муниципалдык автопарктар төмөнкү даректерде жайгашкан:

Мэрия муниципалдык унаа токтотуучу жайлардын даректери жаңыланып, толукталып жатканын белгиледи. Унаа токтоочу жай, ошондой эле кызматкерлер тарабынан мыйзам бузуулар боюнча суроолор боосо 0703887007 номуруна кайрылса болот.

Exit mobile version