Site icon Reporter.kg

Эми Россияда чет элдиктерге бекер медициналык жардам көрсөтүлөт

Чет элдиктерге Россияда бекер медициналык жардам көрсөтүлөт. Өкмөт аны камсыз кылуу эрежелерин бекитти — тиешелүү буйрукка премьер-министр Михаил Мишустин кол койду. Бул тууралуу расмий укуктук маалымат порталында жарыяланды.

Документке ылайык, бейтаптын өмүрүнө коркунуч туудурган капыстан катуу ооруп, абалы, өнөкөт оорулары күчөгөн учурда чет элдиктерге бекер тез медициналык жардам көрсөтүлөт.

Мындан тышкары, чет өлкөлүк жарандар ооруп калса, кырсыкка учураганда, жаракат алганда, ууланганда жана башка шашылыш медициналык кийлигишүүнү талап кылган шарттарда акысыз жардам алышат. Көрсөтүлгөн кырдаалдарды кошпогондо, чет өлкөлүктөргө шашылыш жана пландуу медициналык жардам акы төлөнүүчү медициналык кызматтарды көрсөтүү, ыктыярдуу жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча келишимдерге ылайык көрсөтүлөт.

Жарлык 2025-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет жана 2031-жылдын 1-сентябрына чейин күчүндө болот.

Exit mobile version