JenExpert жаңы ыкмасы менен COVID-19 вирусуна текшерүү жүргүзүлө баштайт. Бул тууралуу бүгүн, 26-июнда брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.
«Бүгүнкү күндө Бишкекте коронавирус тастыкталган жарандар үчүн 335 койка-орун бар. Дагы бир өзгөчөлүк JenExpert ыкмасы менен COVID-19 вирусуна текшерүү жүргүзүлө баштайт. Бул лаборатория Улуттук фтизиатрия борборуна орнотулуп, бир сааттык мөөнөттө 8 анализди текшерүү мүмкүнчүлүгүн жана 99%га чейин тактыкты берет. Азыркы учурда 6 миң 500 тестирлөө жүргүзүүгө шарт түзүлгөн”, — деп билдирди министрдин орун басары.