Эми жөлөк пул алууда жарандын жашаган жери боюнча маалымкат талап кылынбайт

Эми жөлөк пул алууда жарандын жашаган жери боюнча маалымкат талап кылынбайт

Эми жөлөк пул алууда жарандын жашаган жери боюнча маалымкат талап кылынбайт. Бул тууралуу бүгүн, 15-июлда Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров билдирди.

“Мурда мамлекеттик жөлөкпулдар иш жүзүндө жашаган жери боюнча дайындалса, эми муктаж жарандар кайсыл жерге кайрылса ошол жерден жөлөкпул алууга мүмкүнчүлүк алат. Жарандын жашаган жери боюнча маалымкат талап кылынбайт”, — дейт министр.

Анын айтымында, ата-энесинин экөө тен белгисиз болгон балдарга ай сайын 2000 сом өлчөмүндө жөлөкул бериле баштайт. Бул балдарга банктан жеке эсеп ачылат, ал жерге мамлекет тарабынан берилген акча каражаты топтолот. 18 жашка чыккандан кийин ата энесинин экөө тен белгисиз болгон бала жеке эсебиндеги топтолгон акча каражатын колдоно алат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>