Эмилбек Каптагаев жаңы кызматка дайындалды

Эмилбек Каптагаев жаңы кызматка дайындалды

Эмилбек Каптагаев Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору болуп дайындалды.

Тийиштүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Каптагаев бул кызматта Кубанычбек Шадыбековдун ордун ээледи. Шадыбеков бул кызматта 2018-жылдын август айынан бери иштеп келген.

Эмилбек Каптагаев буга чейин (2013-2016-ж.ж) Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматын аркалаган.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>