Эмилбек Кимсановдун абакта сабалганы Жогорку Кеңеште талкууланды

Эмилбек Кимсановдун абакта сабалганы Жогорку Кеңеште талкууланды

Бүгүн, 17-июндагы Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Кубатбек Бороновдун премьер-министр кызматына талапкерлиги каралууда.

Боронов өкмөттүн программасы боюнча баяндама жасап, мурдагы өкмөттүн иши улантыларын айтты. 

Жыйындын жүрүшүндө депутат Дастан Бекешев кечээ, 16-июнда Бажы кызматынын мурдагы кызматкери Эмилбек Кимсановдун сабалган видеосу коомчулукка чыкканын айтып, бул окуя боюнча кандай чаралар көрүлөрүнө кызыкты. 

“Кечээ видео тасма жарыяланды Эмилбек Кимсановдун сабалганы тууралуу. Эми бул ЖАМКда дайым эле ушундай. Уюшкан кылмыштуу топтор жоюлмайынча мындай улана берет. Уюшкан кылмыштуу топ бийликти сыйлашы керек да. Бул окуя боюнча кандайдыр бир чаралар көрүлөбү”, — деди депутат. 

Ага Кубатбек Боронов бул окуя тууралуу маалыматы жок экенин, бирок тийиштүү чаралар көрүлөрүн айтып жооп берди. 

“Азыр бул окуя боюнча менде маалымат жок. Бирок мен ишенем тиешелүү органдар иш алып барып жатышат деп. Видеосу коомчулукка да чыгыптыр, сөзсүз реакция болот”, — деди Боронов. 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>