Эмне үчүн психологго кайрылуу керек?

Эмне үчүн психологго кайрылуу керек?

Жашоонун кубанычын сезсеңиз, анда психологго кайрылуунун кажети жок.

Эгерде жан дүйнөдө тынчсыздануу, жашыруун нааразычылыктар  болсо анда дароо психологдун кеңешин алуу керек. Мисалы, тишибиз ооруса дароо стамотологго баргандай эле.

Эмне үчүн адамдар психологиялык ооруга жакшы маани беришпейт?

Ал жаныңды сыздатып оорутпайт, бирок  анын адамдарга тийгизген терс таасири тишиңдин каттуу ооруганынан да жаман болушу мүмкүн. Көпчүлүк адамдар жан дүйнөнүн тынчсыздануусун көнүмүш адатка айландырып алышканын норма деп эсептей бергендер арбын. Качан алар психологго кайрылышат? Оорусу күчөп кеткенде, психологго бар деп бирөө айтмайынча.

Психологго көбүнчө аялдар ажырашуудан кийин барышат.

Аялдагы көйгөй күйөөсү үй бүлөсүн таштап кеткен эле башталбайт.  Көйгөй аялдын көптөн бери өзүнүн сыздап жаткан оорусу менен, нааразычылыктын коңгуроосу менен, тынчсыздануу менен жашап келе жаткандыгында, бирок аларды байкабай калат. Муну норма деп атаган адаты бар.

Бул өкүнүчтүү!

«Достор, каалаган нерсебизге жетүү үчүн, жок дегенде дагы бир күн жашоо үчүн бир күн болсо дагы, биз эңсеген нерсе — бул чоң бакыт!

Өлүү коркунучтуу эмес! Мен аны сезгендиктен, ага сүңгүп кирдим, анткени БАКЫТ эмне экендигин билесиң!

Баарыбыз билебиз — биз бактылуу болуу үчүн төрөлгөнбүз.

Түшүнүп жатасыңбы?

Баарыбызга белгилүү болгондой, бакыт — бул жашоонун түпкү максаты, жашоонун маңызы.

Андан баш тартпаңыз!», — дейт психолог Эмилия Гончарова.

Психологго кайрылуу үчүн сизде жеке суроолор болушу мүмкүн: балдарды тарбиялоо, туугандар жана достор менен мамилелер, үй бүлөлүк мамилелерге байланыштуу.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>