Site icon Reporter.kg

Эмне үчүн IT аялдар үчүн идеалдуу?

Күндөн-күнгө дүйнөдө IT тармагына кызыгып, аны үйрөнүп жаткан адамдар арбын. Көп адамдар IT тармагында баар таап, көп ийгиликтерге жетишти. Алардын арасында аял кишилер да бар. Ошол эле учурда «IT мен үчүн эмес, үйрөнүш оор» дегендер да жок эмес. IT тармагында иштеген адис, блогер Назгиза Рысбек эмне үчүн IT аялдар үчүн идеалдуу деген суроого жооп берет.

Учурда көптөгөн таланттуу жана акылдуу кыз келиндер өз потенциалын туура колдоно албай же ача албай арзыбаган тыйын үчүн иштеп алтындай болгон убактысын коротууда. Көпчүлүгү болсо үй-бүлө менен карьеранын ортосунда калып, айласы кетип жатат.

Аралыктан иштөө

Көпчүлүк аялдар үй-бүлөсүн кыя албай карьера жасоодон кыйналышат. Ошондуктан IT үйдө отуруп, балдарынын жанында, үй-бүлөсү менен бирге болуп карьера жасоого мыкты мүмкүнчүлүк.

Айлык акы жогору

Алты ай жакшылап окуп, жашооңду өзгөртүп кетүүгө толук мүмкүн. Бишкекте эле жуниор (башталгыч IT адис) адистердин эле айлыгы 300-500 доллардан башталат. Ал эми Орусияда айына 800, АКШда 5 миң доллардан жогору айлык тапса болот. Сиздин тажрыйба арткан сайын, окуган сайын айлык акыңыз дагы да өсүп отурат.

Теңдик жана өнүгүү

Эгер сизде билим менен жетиштүү тажрыйба жана иштөө үчүн каалооңуз болсо, анда эч ким сизге гендердик теңсиздик кыла албайт. IT тармагында ар дайыма өсүүгө мүмкүнчүлүк бар, карьерада болсун, билимде болсун.

Тандоо эркиндиги

Мен техникага жакын эмесмин же бул тармак мен үчүн эмес деп ойлоп жатсаңыз – анда сиз жаңылышасыз. Себеби дегенде IT  тармагы бул бүтүндөй бир океан, ал жакта сиз үчүн табыла турган сөзсүз бир нерсе бар. Мисалы, IT’нин техникалык эмес да  тармактары бар. Алар: Product Manager, HR, marketing, дизайн, сатуу менежери ж.б.

Саякаттоо же башка өлкөлөргө көчүп жашоо мүмкүнчүлүгү

Көптөгөн адамдар башка ар кандай тармактардан IT’ге келген. Мисалы юрист, бухгалтер, экономист, таксист деген сыяктуу кесиптерден IT тармагына өтүшкөн. Эң башкысы мен дагы гуманитардык тармактан келгем. Кесибим – тарыхчы. Тарых тармагында бакалаврды аяктагандан кийин жарым жылдай убакыт Frontend Developer тармагын окуп, ошол багытта иштедим. Учурда АКШда Computer Science адистиги боюнча магистратураны окуп жатам. Бош убактымда DevOps методологиясын үйрөнөм. Өзүм үлгү көрсөтүп, баарын жасоого мүмкүн экенин көрсөткүм келет. Өзүбүздүн IT’деги билимибизге инвестиция жасайлы. Эң башкысы – бири-бирибизди колдоп, алгачкы кадамды таштап, эч нерсеге багынбайлы.

Кыргызчаланган макала Турат Алыбаевдин Instagram’дагы баракчасынан алынды

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version