Site icon Reporter.kg

Эмне үчүн шайлоого катышкан жарандардын саны аз болууда?

Бүгүн, 28-ноябрь Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берүүчүлөрдүн саны аз болуп жатышынын себебин БШКнын төрайымынын орун басары Тынчтык Шайназаров брифинг учурунда түшүндүрдү.

Анын айтымына караганда, өткөн парламенттик шайлоодо форма 2 деген ыкма колдонулган. Ага мыйзам уруксат берген ыкма болчу.

«Былтыр 500 миңге жакын биздин жаран өздөрү катталган аймактан эмес, башка аймактардан добуш беришкен. Биз мунун менен 500 миңге жакын шайлоочу массалык түрдө шайлоо тилкелерине ташылып келинген деп айтсак болот. Азыркы учурда мындай ыкмага чек коюлган. Мына ошондуктан добуш берүүчүлөрдүн саны өткөн шайлоого караганда аз болуп жатышынын бирден бир себеби деп эсептейм. Ошондой эле бул көрүнүш шайлоодо массалык ташуу, административдик ресурстун колдонушуна жол берилбегендигин билдирет. Менин жеке оюм ушундай»,- деди Шайназаров.

Ошондой эле, ал ар бир жарандын шайлоого катышып же катышпоосу өз эрки экенин айтуу менен бирге эле жарандарды шайлоого активдүү катышууга чакырды.

Айта кетсек, саат 18:00гө карата Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо бирдиктүү округ боюнча 1 млн 50 миң 163 жаран добуш берди же жалпы шайлоочулардын 28,36 пайызын түздү. Бирдиктүү шайлоо округу боюнча жалпы шайлоочулардын саны 3 млн 703 миң 420 жаранды түзөт.

Exit mobile version