Эмомали Рахмон Тажикстанда кыйраган үйлөр кимдин эсебинен куруларын айтты

Эмомали Рахмон Тажикстанда кыйраган үйлөр кимдин эсебинен куруларын айтты

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатактардын натыйжасында кыйраган үйлөрдүн бардыгы Тажик мамлекетинин эсебинен калыбына келтирилет. Мындай маалыматты «Азия-Плюс» басылмасы жазды.

Согди облусунун башчысы Раджаббой Ахмадзоданын айтымында, тийиштүү буйрукту Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон берген.

“Президенттин тапшырмасы менен жумушчу штаб түзүлдү, ал чек арадагы үйлөрдү калыбына келтирүү маселесин чечет. Тажик-кыргыз чек арасындагы жаңжалдын натыйжасында кыйраган үйлөрдүн бардыгы мамлекеттин эсебинен бир айдын ичинде толугу менен калыбына келтирилет. Жарым-жартылай бузулган үйлөр дагы жакынкы күндөрү оңдолот. Жабыркагандарга жана курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө материалдык жана материалдык жардам көрсөтүлөт”, — деген Раджаббой Ахмадзода.

Ошондой эле Тажик-кыргыз чек арасындагы чыр-чатактын натыйжасында келтирилген чыгымдарды аныктоо максатында, Согди облусу боюнча Өзгөчө кырдаалдар комитети жабыркаган үйлөрдү текшерип жатканы айтылат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>