Site icon Reporter.kg

Эң керектүү азык-түлүктөрдүн баасы туруктуу кармалууда

Кыргызстанда социалдык мааниге ээ товарлардын баасы мурдагы деңгээлде кармалууда. Чекене рыногунда эч кандай продукциянын тартыштыгы жок. Бул тууралуу  Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, башкармалыктын аймактык бөлүмдөрүнүн адистери тарабынан жүргүзүлгөн баалардын мониторингинин жыйынтыгында республика боюнча өсүмдүк майынын орточо баасы литрине 127 сомдон 145 сомго чейин өзгөрүп жатканы белгилүү болду. Жергиликтүү өндүрүштөгү биринчи сорттогу ундун 1 мүшөгү (50 кг) 1650 сом,  килограммы 33 сом. Импорттук ундун сортуна жараша килограммы 35 сомдон 40 сомго чейин сатылууда.

Ошол эле учурда жаңы түшүмдүн пайда болушуна байланыштуу картошка, сабиз, пияз, капуста, помидор, бадыраңдын баасы төмөндөөдө.

Буга чейин бийлик өсүмдүк майы менен кум шекерди мамлекеттик материалдык резервдер фондунун кампасынан сатыкка чыгарган болчу.

Exit mobile version