Site icon Reporter.kg

Эне-баланы коляскасы менен маршруткага салбаган айдоочу иштен алынды

Бишкекте кичи автобустун айдоочусу коляскасы менен чогуу маршруткага түшүүнү каалаган аялга физикалык күч колдонулган видео социалдык тармактарда тарады. Бул видео чыгаар замат Бишкек шаардык милициянын кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмү ыкчам издөө иш-аракеттерин жүргүзүп, Арча-Бешик-Дордой каттамына каттаган 203-маршруттук таксинин айдоочусун тапкан. Бул тууралуу Патрулдук милициянын маалымат кызматынан Reporter.kg’ге билдиришти.

Айдоочусу 1984-жылы туулган М.Б. экендиги аныкталып, ал төмөндөгү түшүндүрмөнү берген:

«Бир жыл мурун да ушундай окуя болуп, анын кесепетинен машурттун ичиндеги адамдар жабыркап, алардын чыгымын төлөгөм ошол себептүү калясканы салонго салган эмесмин. Бул үчүн жалпы коомчулуктан кечирим сурайм»

Азыркы учурда бул айдоочу каттамдан четтетилип, жумуштан алынды. Андан аркы жоопкерчилигин кароо боюнча Ленин райондук милициясына жеткирилген. 

Кошумчалай кетсек, 203 машурттук каттамдын биргадасын текшерүүгө алып, техникалык бузуулары үчүн 2 протокол түзүлүп, 10 000 сом айып салынды.

Бишкекте айдоочу эне-баланы коляскасы менен маршруткага салбай койду — видео

 

Exit mobile version