Site icon Reporter.kg

“Эне-Сай” конушунда ымыркайдын сөөгү табылды

Аламүдүн районундагы Эне-Сай жаңы конушундагы ээн жерде ымыркайдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, наристе боюнча 1-февралда кечке жуук маалымат түшкөн. Кылмышка шектелип 20 жаштагы К.А. аттуу жаран кармалды.

Ал наристеси жетинчи айда өлүү абалында төрөлгөнүн айткан. Шектүү баланы коробкага салып, Бишкек шаарынан «Эне-Сай» конушунун чет жакасына алып барып таштаган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version