Site icon Reporter.kg

Энергетика министрлиги: Орто-Токой ГЭСинин 50%ы курулуп бүттү

Азыркы тапта Орто-Токой ГЭСинин курулушу 50%га аяктады. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

Орто-Токой ГЭСтин курулушу 2024-жылдын 29-июнунда расмий түрдө башталган. Станциянын пландалган кубаттуулугу — 21 МВт.

Министрликтин маалыматында, учурда долбоордун жалпы курулуш иштери болжол менен 50 %га аткарылды. ГЭСтин курулушу 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында толугу менен аяктайт деп пландалууда. Ал ишке берилгенден кийин Балыкчы шаарынын 14 миңден ашуун абонентин электр энергиясы менен камсыз кыла алат.

Долбоорду «Чакан ГЭС» ишканасы Кытайдын China National Machinery Industry Corporation (CHMC) компаниясы менен биргеликте ишке ашырууда.

Министрлик төмөнкү иштер аткарылып бүткөнүн билдирди:

Exit mobile version