Site icon Reporter.kg

Энергетика министрлиги Жалал-Абадга которулат, — Жапаров  

Энергетика министрлиги эмдиги жылы Жалал-Абад облусуна которулат. Бул тууралуу бүгүн, 19-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Жыйында депутат Эмил Токтошев Акылбек Жапаровдон: “Коргоо министрлигин түштүккө көчүрүү боюнча оюңуз кандай?”, — деп сурады.

“Жакынкы аралыкта коргонуу доктринасы кайра каралып жатат. Буюрса, башкы командирдин чечимин сиз дагы угасыз. Бирок, биз энергетика министрлигинин электр станциялар ишканасын Караколго которуп жатабыз.  Ал эми Энгергетика министрлиги эмдиги жылы Жалал-Абад облусуна көчүрүлөт”, — деди Акылбек Жапаров.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version