Site icon Reporter.kg

Энергетикалык суусундуктарга акциз 2024-жылга чейин эки сом болот

Быйылкы жылдын 1-январынан тарта сыра акциздик марка менен маркировкаланат, ал эми энергетикалык суусундуктарга акциз 2024-жылга чейин көтөрүлбөйт. Тиешелүү документ өкмөттүн сайтына жарыяланды.

Эске салсак, 2023-жылдын башынан тарта алкоголсуз энергетикалык суусундуктардын бир литри үчүн акциздик салыктын чени2 сомдон 20 сомго чейин көтөрүлүшү керек болчу.

«Ошол эле учурда маркировка киргизилген күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин маркаланбаган акциздик товарлардын калдыктарын жүгүртүүгө тыюу салынат», — деп айтылат документте.

Эскерте кетсек, былтыр парламентте Кыргызстанда энергетикалык суусундуктарга тыюу салуучу мыйзам долбоору даярдалган.

Энергетикалык суусундуктарга тыюу салуучу мыйзам даярдалды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version