Site icon Reporter.kg

Энергетикалык суусундуктарды сатууга чектөө кириши мүмкүн. Министрлик жаңы чараларды сунуштоодо

Саламаттык сактоо министрлиги энергетикалык суусундуктарды керектөөнү жөнгө салууну пландоодо.

Маалыматка ылайык, министрлик энергетикалык суусундуктарга жөн гана тыюу салбастан, түшүндүрүү, салыктарды жогорулатуу жана сатууну катуу көзөмөлдөө иштери жүргүзүлөрүн билдирди.

«Артыкчылыктуу чаралардын катарына энергетикалык суусундуктарга, тамекиге, алкоголго жана канттуу суусундуктарга болгон акциздик салыктын этап-этабы менен жогорулашы кирет. Мындай продукциялардын баасын жогорулатуу жаштар үчүн жеткиликтүүлүгүн азайтууга, керектөө адаттарын өзгөртүүгө жана мамлекеттик бюджетке кошумча киреше тартууга мүмкүндүк берет. Түшкөн каражат массалык спортту өнүктүрүүгө, оорулардын алдын алууга жана сергек жашоо образын колдогон чөйрөнү түзүүгө багытталат»,- деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары министрлик энергетикалык суусундуктарды сатуучу жайларды чектөө чарасын кароодо. Тактап айтканда, бул суусундуктар атайын лицензиясы бар соода түйүндөрүндө гана сатууга уруксат берилиши мүмкүн. Бул чара мектептердин, жогорку окуу жайларынын жана жаштар көп чогулган жерлердин жанында жеткиликтүүлүктү азайтууга шарт түзөрү айтылды.

Exit mobile version