Энергетиканын ардагерлери Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошту

Энергетиканын ардагерлери Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошту

Кыргызстандын энергетика тармагынын ардагерлери президенттин м.а., премер-министр Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоп, анын өлкө башчысынын милдетин аткарып жатканы менен куттукташты.

Кайрылууда алар өлкөнүн энергетика тармагында олуттуу реформалар жасаларына ишене тургандыктарын белгилеп өтүшкөн.

“Энергетика тармагына тиешелүү курч көйгөйлөрдү көтөрүп, жаңы келген башкарма, жетекчилерге ишеним көргөзгөндүгүңүз үчүн жана энергетика жаатында кескин өзгөрүүлөрдү чечкиндүүлүк менен кабыл алгандыгыңыз үчүн сизге ыраазычылык билдиребиз. Биз билебиз, бул өзгөрүүлөр жана жаңылануулар улуттук энергетиканы жогорку денгээлге алып чыгат”, – деп жазылат кайрылууда.

Ардагерлер ошондой эле, энергетика – өлкөнүн экономикасынын негизги тармагы экенин, элдин жашоо деңгээлинин жана өлкөнүн өнүгүүсү  дал ушул тармактын туруктуу жана ишенимдүү иш алып баруусуна байланыштуу экендигин баса белгилешкен.

“Бул жаатта акыркы 10 жылдын ичинде орун алган көйгөйлөр жетекчи жана адистердин алдында көптөгөн тоскоолдуктарды жаратып келет. Мисалы: техникалык жабдуулар менен камсыз кылуу, санариптик технологияны жана авторизацияларды киргизүү, кирешени жогорулатуу ж.б. көйгөйлөр. Мындай көйгөйлөрдү чечүү үчүн жогорку билимдүү, тажрыйбалуу, чечкиндүү жана акниеттүү кадрлар керек”, – деп жазылат ардагерлердин кайрылуу катында.

Ошондой эле алар “Улуттук энергохолдингдин” төрагалыгына дайындалган Нурбек Козубеков тийиштүү маселерлерди кыска убакытта чечип, татыктуу кызмат өтөрүнө ишеним артышкан.

Кыргызстандын энергетика ардагерлеринин кеңеши жана Кыргыз Республикасынын энергетиктери
Энергетика ардагерлер кеңешинин төрагасы Б.Иманалиев
КРдин эмгек сиңирген өнөр жай кызматкери, энергетика ветераны Ж.Арыстанов
КРдин эмгек сиңирген өнөр жай кызматкери Т.А. Дайыров
Аламүдүн  РЭСинин жетекчиси Б. Сейталиев

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>