Site icon Reporter.kg

Энергетиктер жарандарды электр энергияны үнөмдөөгө чакырды

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» компаниясы Токтогул ГЭСинин №3 гидроагрегатын реконструкциялоо иштери башталганына байланыштуу жарандарды электр энергияны үнөмдөөгө чакырат.

ГЭСте төрт гидроагрегат бар. Азыркы тапта анын бирөөндө оңдоп-түзөө иштери башталгандыктан, өлкөдө электр энергияны өндүрүү азайган. Мындан улам аталган компания жарандарды электр энергияны үнөмдөөгө чакырат.

Токтогул ГЭСинин №3 гидроагрегаты оңдоп-түзөөдөн өткөндөн кийин ГЭСтин кубаттуулугу 60 МВт’ка көбөйүп, 1440 МВт’ка жетет.

Exit mobile version