Site icon Reporter.kg

Энергохолдинг: оңдоо иштерине байланыштуу электр энергиясы маал-маалы менен өчүрүлөт

Күз кыш айларына даярдык көрүлүп  электр тармагында оңдоо иштерине байланыштуужаткан электр энергиясы маал-маалы менен өчүрүлүп турат. Бул тууралуу Улуттук энергохолдингдин басма сөз кызматы билдирди.

COVID-19 пандемиясына байланыштуу өлкөгө киргизиген өзгөчө абал учурунда калкты, маанилүү социалдык объектилерди электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо жана мектеп окуучулардын, студенттердин онлайн режиминде билим алуусуна шарт түзүү боюнча атайын буйрук чыккан.

Ага ылайык, жыл сайын жасалуучу электр жана жылуулук тармактарын оңдоп-түзөө  боюнча пландык жумуштарды токтоту туруу,  карыздары болгон учурда өчүрбөө, туумдарды токтотуп туруу сыяктуу бир катар тапшырмалар берилген.

Окуу мезгили толук аяктаган күндөн тартып, электр жана жылуулук бөлүштүрүүчү компанияларында  ремонттоо, капиталдык курулуш жана реконструкциялоо боюнча пландык жумуштар кайрадан башталып азыркы мезгилде кызуу уланууда.

Пландык өчүрүүлөр жөнүндө ЖМК, социалдык тармактар жана расмий сайт аркылуу керектөөчүлөргө тиешелүү маалыматтар убагында берилип турат.

Exit mobile version