Site icon Reporter.kg

Эрбол Султанбаев атын жеке кызыкчылыкка колдонбоону суранат

Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Facebook баракчасына акыркы убакта алдамчылык фактылары көбөйүп жатканын жазды.

Анын айтымында, айрым белгисиз адамдар анын аты-жөнүн жамынып, ар кандай адамдарга телефон чалып, өтүнүч менен кайрылышууда.

«Достор, телефон шылуундардын жетегине түшпөгүлө», — деп эскертти Султанбаев.

Exit mobile version