Эрдоган Кипрди эки мамлекетке бөлүү керектигин билдирди

Эрдоган Кипрди эки мамлекетке бөлүү керектигин билдирди

15-ноябрда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган эгемендигин Анкара гана тааныган Түндүк Кипрге барып, эл аралык коомчулук Кипрдин эки мамлекетке бөлүнгөнүн расмий таанышын каалай турганын билдирди.

«Кипрде эки эл жана өзүнчө эки мамлекет бар. Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, анын жыйынтыгында эки тарап өзүнчө мамлекет болушу керек», — деди Эрдоган.

Түндүк Кипр 1983-жылы өзүн эгемен өлкө деп жарыялаган. Ага чейин аралдын кипрлик түрктөр басымдуулук кылган түндүк бөлүгүн Түркия оккупациялаган. Аны эгемен өлкө катары Анкара гана тааныган.

Буга чейин Кипрдин эки жамааты аралды бириктирүүнүн мүмкүндүктөрү тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бирок эч кандай жыйынтык болгон эмес.

Айрым басылмалар белгилегендей, Кипрдин түндүгүндө Эрдоган колдогон саясатчы Эрсин Тартар бийликке келгенден кийин эки тарапты кошуу тууралуу сүйлөшүүлөр мурдагыдан да оорлоду. Тартар эл аралык коомчулук Түндүк Кипрдин эгемендигин таанышы керектигин билдирип келет.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>