Site icon Reporter.kg

Стамбулда Эрдоганды колдогон митингге 1,7 млн адам келди – видео

Түркиянын президенти Реджеп Тайип Эрдоган 7-майда Стамбулдагы аны колдогон митингге 1,7 миллион адам катышканын билдирди, деп жазат РИА Новости.

Түркияда президенттик жана парламенттик шайлоо 14-майга белгиленген.

Азыркы президент Тайып Эрдогандын негизги атаандашы – “Республикалык альянстын” бирдиктүү талапкери – оппозициядагы “Элдик альянстын” бирдиктүү талапкери Кемал Киличдароглу. Шайлоого Мемлекет партиясынын лидери Мухаррем Инже менен Ata альянсынын талапкери Синан Оган да катышууда.

Президенттик шайлоонун экинчи айлампасы, эгерде бир дагы талапкер 50% добуш ала албаса, 28-майга белгиленген.

“Мага митингге 1 миллион 700 миң адам катышып жатканын жаңы эле кабарлашты, бул расмий маалыматтар”, — деди Эрдоган митингде сүйлөп жатып.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version