Аламүдүн районунун Лебединовка айылындагы айрым тойканалар тышкы жарнагын түндө жандырбай, караңгы бойдон кардарларды кабыл алышты. Бул туурасында Reporter.kg′ге окурман сүрөттөрдү жөнөттү.
Анын айтканына караганда, Жеңиш проспектисиндеги “Алтын Казына”, “Дияр”, “Арзу” жана башка жанындагы кафе-ресторандар толугу менен тышкы рекламалык лампочкаларын өчүргөн. Бир гана “Арзу” кафеси дубалындагы лампочкасын өчүрбөй калыптыр.
Ошол эле маалда Жеңиш чоң көчөсүндөгү эки тараптагы жарыктар толугу менен өчүп, жол капкараңгы эле болуп калганын кошумчалады. Башкы энергетиктер жолдун бир тарабындагы гана жарыктар өчөт деген. Электрди үнөмдөө үчүн тышкы рекламалык лампочкалардын жандырылышына толугу менен тыюу салынган болчу. Азырынча бул эрежени сактабагандарга кандай жаза көрүлөт айтыла элек.