Site icon Reporter.kg

“Эркеч-Там” көзөмөл өткөрүү бекетинен жүк алып өтүүгө чектөө киргизилет

Кыргыз-кытай чегиндеги “Эркеч-Там” көзөмөл өткөрүү бекетинен жүк алып өтүүгө убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кытай элинин улуттук майрамдарынын бири “күрүч майрамына” карата Кытай тараптын өтүнүчү менен “Эркеч-Там” көзөмөл өткөрүү бекетинен жүк алып өтүүгө убактылуу чектөө киргизилет. Анда 25-июндан 28-июнга чейин көзөмөл бекети жабык болору, 29-июндан тарта жүк алып өтүү жанданары айтылат. 

Exit mobile version