Эркек жыныстык катнашта «оргазм» албаса аял күнөөлүбү? Адистен жооп

Эркек жыныстык катнашта «оргазм» албаса аял күнөөлүбү? Адистен жооп

Мурда жыныстык катнаш  тууралуу маалымат алуу кыйын болчу. Азыр биз 21-кылымда жашап жатабыз. Бул суроого жоопту интернет беттеринен таап окуй алабыз. Бирок кыргыз тилинде жетиштүү маалымат жокко эсе.

Орусиялык эксперт, өзүн секс -инструктор деп тааныштырган Людмила Керимованын жыныстык катнаш боюнча кеңештеринен сунуштайбыз. Керимовага интимдик байланыш тууралуу айымдар тарабынан бир күндө жүздөн ашык суроолор келип түшөт. Анткени ал берилген суроого ачык жана так жооп берет.

Эмне себептен эркек жыныстык катнаштан кийин жубайына көңүл бурбай , сезимсиз болуп калат?

Биз эркектерди күчтүү жана коргоочу катары өзүбүзгө элес кылып алганбыз. Эркек киши жыныстык катнаштан кийин чарчайт дагы өзүн алсыз сезип, эс алууну самайт. Ал эми айымдар тескерисинче интимдик байланыштан кийин өнөктөшү менен кучакташкысы келет. Бирок эркектин ага күчү жетпей, алсырап уйкусу келе баштайт. Аны айымдар туура эмес кабыл алып, таарынганга дагы жетишебиз. Эгер кучактап, өпкүң келсе эркектин биринчи кадамын күтпөй өзүң жасай бер. Анын эч кандай уяты жок. Анткени эркектер табиятынан ушинтип жаралган.  

Жубайлардын ортосунда жыныстык катнаш канча убакытка созулушу керек? Эгерде көп убакытка чейин байланышта болсо, анын ден соолукка зыяны жокпу?

Жубайлар ортосунда жыныстык катнашка баруу үчүн ыңгайлуу учур же канча убакыт деп бөлүнбөйт. Бул ар бир адамдын каалоосунан болот. Эки тарап тең өздөрүнүн кумарын кандырууга чейин созулат. Нормалдуу 15 мүнөт деп эсептелинет. Кээ бир жубайлар бир саатка чейин жыныстык катнашта боло алат. Ал эркектен көз каранды. Эркектин бел суусу тез түшүп калса, ортодо 10 мүнөт тыным алып, үч ирет кайталашса болот.  Байланышта болуп жатканда эки жакка тең жагымдуу болушу үчүн талкуулап, ар кандай ыкманы (позаны) алмашытырып  туруу да талап кылынат. Анткени төшөк кумарында бир калыпта жата берүү да тажатып жибериши мүмкүн. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш.

Эркек батыраак оргазм алуусу үчүн эмне кылуу керек? Алардын оргазм албаганына айымдар күнөөлүбү?

Өнөктөшүңүздүн оргазм албаганы, тез бүтпөгөндүгү айымдан көз каранды эмес. Эркек оргазм алса, жыныстык катнаш тез аяктайт. Аны эркектер каалабайт. Ошондуктан алар интимдик байланышта көпкө кармалууга аракет кылышат. Ал үчүн айымдар өзүн күнөөлү сезбеши керек.

Мисалы, мага келген суроолордун ичинен : «Жолдошум порногарфиялык видеолорду көрөт. Мен анын мындай видеолорду көрүүсүнө тоскоолдук жаратуум керекпи? Мен анын каалоосун кандыра албай жаткан жокмунбу?» , — деп кайрылган.

Порнография – бул чыныгы дүйнө эмес, ал болгону виртуалдуу. Кээде эркектер жыныстык катнашта башка дүйнөгө баргысы келет. Ошол себептен порнографиялык фильм же башка видеолорду көрүүнү каалашат. Ал үчүн айымдардын кайгыруусунун кереги жок. Жолдошуңузду жөн эле тыя бербеңиз. Сиз өзүңүзгө кам көрүңүз, өзүңүздү сүйүңүз, жолдошуңуздун алдында дайыма сулуу болуп жүргөнгө аракет кылыңыз. Ошондо жолдошуңуз сизден башка эч кимге кетпейт!

Маалымат «WOMAN INSIGHT Центр женского развития» сайтынан алынды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>