Site icon Reporter.kg

Эркин Асрандиев: Жарандардан дүрбөлөң түшпөөнү өтүнөбүз, өлкөдө азык-түлүк жетиштүү

Социалдык жактан маанилүү товарлар, анын ичинде тамак-аш продуктулары өлкөдө жетиштүү. Жарандардан дүрбөлөң түшпөөнү өтүнөбүз. Мындай өтүнүчү менен вице-премьер-министр Эркин Асрандиев кайрылды. 

Вице-премьер-министрдин айтымында  региондордо кырдаал туруктуу.

“Болгону, илдетке чалдыккандар Сузак районунун жашоочулары экендиги жарыяланган соң, Жалал-Абад шаарынын базарында тынчсыздануу болуп, эл ун сатып алып жатканы маалымдалды. Учурда Жалал-Абад шаарынын мэри баштаган жергиликтүү бийлик органдары калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат”, — деп баса белгиледи ал.

Республика боюнча биринчи жана экинчи сорттогу ундун баасына чектөө киргизилген. Бүгүн кечке чейин өсүмдүк майынын, нандын, канттын жана макарондун максималдуу баасы белгиленет.

Exit mobile version