Site icon Reporter.kg

Эркин күрөш: Эрназар Акматалиев жарым финалда утулуп калды

Кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев коло үчүн күрөшөт. Сербияда өтүп жаткан дүйнө биринчилигинде эркин күрөш боюнча жарым финалында ал япониялык балбанга утулуп калды.

Эрназар Акматалиев (70 кг) чен бирдигинде күрөшүүдө.

Ал килем үстүнө бүгүн, 15-сентябрда чыгып, жарышты 1/8 финалдан баштады. Биринчи беттешинде молдовалык балбанды 14:2 эсебинде жеңди. Андан кийин чейрек финалда болгариялык спортчуну 11:0 эсебинде утту.

Эскерте кетсек, күрөш боюнча дүйнө биринчилиги 10-сентябрда башталган, 18-сентябрда аяктайт. Бүгүн эркин күрөш боюнча балбандар таймашын баштады.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Exit mobile version