Site icon Reporter.kg

Эркин күрөш. Кыргызстандын чемпиондору белгилүү болду

Кечээ, 24-январь күнү Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт сарайында эркин күрөш боюнча Кыргызстандын чемпионаты жыйынтыкталды. Бул Кыргызстандын Күрөш федерациясынан билдиришти.

Мелдеш 23-24-январь күнү болуп өттү. Мелдештин биринчи күнүндө спорчтулар 57, 65, 74, 86, жана 97 кг салмакта күч сынашып, жеңүүчүлөр аныкталган.

Ал эми экинчи күнү 61, 70, 79, 92 жана 125 кг салмакта категориясында өлкө чемпиондору белгилүү болду.

Жеңүүчүлөр жана байге ээлери (61кг):

1-орун – Жумашбек уулу Тайырбек

2-орун – Жолдошбеков Улукбек

3-орун – Руслан уулу Алишер

3-орун – Урматбеков Дастан

 (70кг):

1-орун – Токтомамбетов Орозобек

2-орун – Жыргалбек уулу Мырза

3-орун – Алишер уулу Алихан

3-орун – Керимбеков Канат

 (79кг):

1-орун – Маратбаев Адилет

2-орун – Изабеков Атай

3-орун – Абдыманап уулу Куштар

3-орун – Жамбулов Бекжан

 (92кг):

1-орун – Чыныбеков Мирлан

2-орун – Адыл уулу Нурболот

3-орун – Кубатов Байсал

3-орун – Будунов Магомед

 (125кг):

1-орун – Жаппуев Музафар

2-орун – Эфендиев Аскер

3-орун – Касманбетов Айбек

3-орун – Мирлан уулу Бахтияр

Эркин күрөштөн кимдер чемпион болду? Биринчи күндүн жыйынтыгы

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version