Site icon Reporter.kg

Эркин Салымбеков 6-декабрга чейин камалды

Бишкектеги «Дордой-Дыйкан» базарынын директору Эркин Салымбеков 6-декабрга чейин камакта калтырылды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Эркин Салымбеков 6-декабрга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин убактылуу кармоочу жайына камалды.

Буга чейин Эркин Салымбековдун УКМК тарабынан кармалгандыгы маалымдалган.

Азырынча эмне себептен кармалганы боюнча так маалыматтар тарай элек.

Exit mobile version