Site icon Reporter.kg

Эркинбек Осоев транспорт министри кызматынан кетти

Эркинбек Осоев транспорт жана коммуникациялар министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.

Маалыматка караганда, Осоев кызматтан кетүү тууралуу арыз берген. Ал аталган кызматы былтыр 10-августта дайындалган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version