Site icon Reporter.kg

Эркиндик бульварына унаа токтотууга тыюу салынды

Бишкектин Эркиндик бульварынын сол тарабына унаа токтотууга тыюу салынды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Эркиндик бульварынын Чүй проспектинен Түгөлбай-Ата көчөсүнө чейинки бөлүгүнө «унаа токтотууга болбойт». Ал үчүн атайын белгилер орнотулат.

Булварда унаалардын жана көчмө ашканалардын (дөңгөлөктүү фудкорт) башаламан коюла беришинен улам ушундай тыюу салуу киргизүүгө аргасыз болушканы айтылат маалыматта.

Exit mobile version