Site icon Reporter.kg

Эрлан Шеров баштаган дзюдочулар Япониядагы мелдешке катышат

Кыргызстандык дзюдочулар Японияда өтө турган Tokyo Grand Slam мелдешине катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдеш 2-3-декабрь күндөрү Токио шаарында өтөт. Ага Кыргызстандан 6 спортчу катышат.

Курама команданын тизмеси:

  1. 60 кг – Ханболот Ырысбеков
  2. 66 кг – Кубанычбек Айбек уулу
  3. 73 кг – Чыңгызхан Сагыналиев;
  4. 81 кг – Арсений Кладнов;
  5. 81 кг – Асад Масабиров;
  6. 90 кг – Эрлан Шеров
  7. Абдужалил Юнусов, башкы машыктыруучу;
  8. Сергей Кладнов, улук машыктыруучу.

Мелдештен кийин кыргызстандык дзюдочулар 11-декабрга чейин Токио шаарында эл аралык окуу-машыгуу жыйынын өткөрөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version