Site icon Reporter.kg

Эрлан Шеров Улан-Батордо өткөн дзюдо боюнча турнирде бешинчи орунду ээледи

Кыргызстандык Эрлан Шеров Улан-Батордо (Монголия) өткөн «Чоң шлем» турниринде бешинчи орунду ээледи. Бул тууралуу Эл аралык дзюдо федерациясынын сайтында маалымдалды.

90 килограммга чейинки салмак ченинде жарым финалга чыгуу үчүн болгон күрөштө голландиялык Ноэль ван’т Эндге утулуп калды.

Белгилей кетсек, Улан-Баторго Кыргызстандын атынан беш спортчу барган.

Турнирге 30 өлкөнүн өкүлдөрү катышты.

Exit mobile version